1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

29

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКА УЧУРУНДА ЖУМУШ ОРДУНДА БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИ 

Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын улук окутуучусу Бекназарова Махабат Кудайбердиевна тарабынан 2025-2026-окуу жылындагы кесиптик-профилдик практиканын жүрүшүндө ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенттерине “Окутуунун интерактивдүү формаларын жана методдорун колдонуу” темасы боюнча Манас шаарындагы №18 “Манас-1000” атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде жумуш ордунда окутуу өткөрүлдү. Жумуш ордунда окутуунун жүрүшүндө заманбап педагогикалык ыкмалардын өзгөчөлүктөрү жана аларды математика сабактарында натыйжалуу колдонуу жолдору талкууланды. Практикалык иште проблемалык-изденүү, “Мозаика”, “Кейс-стади” (Case study), “Ролдук оюн” сыяктуу интерактивдүү методдордун мазмуну түшүндүрүлдү. Студенттер ар кандай математикалык кырдаалдарды талдап, топтордо иштөө аркылуу өз ойлорун сунушташты жана практикалык тапшырмаларды аткарышты. Ошондой эле колдонулган интерактивдүү методдордун сабактын максатына жетүүдөгү натыйжалуулугун баалоо критерийлерин түзүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Сабак студенттердин чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө, өз алдынча ой жүгүртүүсүн калыптандырууга жана кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталды.