1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

22

КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКА УЧУРУНДА ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ 

Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын улук окутуучусу Бекназарова Махабат Кудайбердиевна тарабынан 2025-2026-окуу жылындагы кесиптик-базалык практиканын жүрүшүндө “Тарбиялык иш-чара даярдоо жана өткөрүүгө катышуу, талдоо жүргүзүү” темасы боюнча Манас шаарындагы №21 Ж.Болотов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде жумуш ордунда окутуу өткөрүлдү. Окутууда мектептин тарбиялык иштер боюнча түзүлгөн планы менен таанышуу, тарбиялык иш-чараларды уюштуруунун негизги этаптары жана аларды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле класстан тышкаркы иш-чаранын сценарийин түзүү, иш-чараны техникалык жана эстетикалык жактан жасалгалоо, өткөрүү учурунда фасилитатордук ролду аткаруу боюнча түшүндүрмөлөр айтылды. Сабактын соңунда өткөрүлгөн тарбиялык иш-чараларга педагогикалык талдоо жүргүзүүнүн жолдору жана окуучулардан кайтарым байланыш алуу ыкмалары каралды. Жумуш ордунда окутуу студенттердин педагогикалык компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө, уюштуруучулук жөндөмдөрүн бекемдөөгө жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярдоого чоң өбөлгө түздү деп айтууга болот.