1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

37

БОЛОЧОК МУГАЛИМДЕРДИН ИЗИЛДӨӨЧҮЛҮК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ: ПРАКТИКА ЖАНА ИЛИМДИН АЙКАЛЫШЫ

2026-жылдын 14-майында “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунда студенттердин окуу-изилдөө иштерине арналган илимий иш-чара болуп өттү. Анда ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенттери адаптациялык-педагогикалык практика учурунда жүргүзгөн окуу-изилдөө иштеринин жыйынтыктары боюнча баяндама жасашты. Иш-чара практика жетекчиси, ф.-м.и.к., доценттин м.а. М.Н. Нурматова тарабынан уюштурулуп, ага Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Нурия Жолдошалиева, «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты. Баяндамалардын алкагында студенттер кыргыз математика илиминин залкарларынын (М. Иманалиев, А. Бөрүбаев, И. Бекбоев, Р. Усубакунов ж.б.) мурастарын изилдөө менен бирге, заманбап билим берүүнүн актуалдуу маселелерин – санариптештирүү, инсанга багытталган окутуу жана математикалык сабаттуулукту арттыруу темаларын ортого салышты. Студенттердин окуу-изилдөө иштери мазмунуна карай төмөнкүдөй үч негизги багытта сунушталды: 1. Кыргыз илиминин залкарларынын мурастарын изилдөө Бул багытта студенттер кыргыз математика жана педагогика илимине зор салым кошкон инсандардын өмүр жолун жана илимий ишмердүүлүгүн талдашты: • Кочкорова Т. – «Математиканы кыргызча сүйлөткөн окумуштуу: Ракым Усубакуновдун илимий жана агартуучулук мурасы»; • Шамшиева Г. – «Кыргыз математика илиминин өнүгүшүнө зор салым кошкон окумуштуу – Мурзабек Иманалиев»; • Исабаева А. – «Академик Алтай Бөрүбаевдин илимий жана педагогикалык жолу»; • Кадырбекова А. – «Исак Бекбоев – кыргыз педагогикасынын атасы»; • Калилова З. – «Өскөн Даникеевдин математика илимине кошкон салымы». 2. Математиканы окутуунун заманбап методикасы жана технологиялары Студенттер мектептеги окутуу процессин жакшыртуунун жаңы жолдорун жана санариптик инструменттерди колдонууну изилдешкен: • Эркин кызы К. – «Математикалык сабаттуулукту өнүктүрүүдөгү тапшырмалардын классификациясы»; • Мадрахимова Т. – «Математика сабагында санариптик технологияларды колдонуу»; • Кадыржанова Ф. – «Математика сабагында деңгээлдик тапшырмалар аркылуу инсанга багытталган окутууну ишке ашыруу»; • Садирбекова Н. – «Математика сабагында окуучулардын кызыгуусун калыптандыруу жана жогорулатуу методдору». 3. Педагогикалык-психологиялык жана социалдык маселелер • Абжалилова З. – «Азыркы жаш муундун тарыхый аң-сезим көйгөйлөрү жана аны чечүү жолдору»; • Турсуналиева З. – «Тарбиялык сааттарды уюштуруунун заманбап ыкмалары»; • Момунжонова Г. – «Психологиялык өзгөчүлүгү бар окуучу менен иш алып баруунун педагогикалык-психологиялык өзгөчөлүктөрү». Талкуунун жыйынтыгында кафедранын окутуучулар курамы жана Нурия Султановна студенттердин аткарган иштерине оң жана конструктивдүү кайтарым байланыштарын беришти. Изилдөөлөрдү мындан ары сапаттуу улантуу үчүн төмөнкүдөй сунуштар берилди: • Изилдөө темасына ылайыктуу илимий методдорду (анкета, мониторинг) туура тандоо; • Мектеп базасында тийиштүү эксперименттерди жүргүзүү; • Алынган натыйжаларды окуу-тарбия процессине жана баалоо системасына байланыштыруу. Бул илимий аянтча студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн арттырууда жана алардын изилдөөчүлүк потенциалын ачууда маанилүү кадам болду.