1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 месяца назад

74

КЕЛЕЧЕКТЕГИ МАТЕМАТИКА МУГАЛИМДЕРИНИН АЛГАЧКЫ КАДАМДАРЫ

 “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунда  иш-чара болуп өттү. Анда ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенттери адаптациялык-педагогикалык практикасынын жыйынтыгын конференция форматында коргошту. Конференция практика жетекчиси, ф.-м.и.к., доценттин м.а. М.Н. Нурматова тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулуп, ага Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Нурия Жолдошалиева, «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты. Студенттер теориялык билимдерин практикада бекемдөө максатында Манас шаарындагы 5 жана Сузак районундагы 3 базалык мектепте (№19 И.Сатыбаев, №18 Манас-1000, №4 ЖОББМ, №9 Р.Санатбаев, ЖАМУнун инновациялык мектеби, №54 Ысмайыл, №21 С.Эшматов, №32 А.Жапарбаев) болушту. Практика мезгилинде жүргүзгөн ишмердүүлүктөрүн баяндоо максатында ар бир мектеп боюнча атайын презентацияларды даярдашты. Презентация учурунда болочок адистер берилген «жол картасынын» негизинде төмөнкү багыттар боюнча тереңдетилген баяндамаларды жасашты: • Административдик түзүм, Устав жана мамлекеттик билим берүү стандарттары (МББС) менен таанышуу. • Класстан тышкаркы иш-чараларды уюштуруу, ата-энелер жана социалдык педагогдор менен өз ара аракеттенүү. • Окуучулардын өздүк делолорун талдоо жана педагогикалык-психологиялык байкоо жүргүзүү. • Практиканын жүрүшүн чагылдырган санариптик технологияларды (фото, видео-роликтер) колдонуу. Иш-чаранын соңунда Нурия Жолдошалиева студенттердин ишмердүүлүгүнө ар тараптуу талдоо жүргүзүп, алардын кесиптик өсүшүнө баа берди. Ал өз сөзүндө студенттердин ишиндеги 17 негизги жетишкендикти (санариптик инструменттерди колдонуу, документтер менен иштөө көндүмү ж.б.) өзгөчө белгилеп өттү. Ошону менен бирге, кесиптик чеберчиликти арттыруу максатында айрым кемчиликтерге да токтолуп, аларды жоюу боюнча баалуу кеңештерин берди. Студенттер конструктивдүү сын-пикирлерди кабыл алышып, алдыдагы педагогикалык ишмердүүлүгүндө бул жагдайларды эске алууга даяр экендиктерин билдиришти. Конференциянын катышуучулары студенттердин деңгээлине оң баа беришип, практика өз максатына жеткенин белгилешти. Жыйынтыгында ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенттеринин практикасы ийгиликтүү корголду деп табылды.