1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

БАЗАЛЫК МЕКТЕПТЕ «МАТЕМАТИКАЛЫК БРЕЙН-РИНГ» ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ ӨТКӨРҮЛДҮ

«Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы менен Манас шаарындагы №18 «Манас-1000» жалпы орто билим берүү мектебинин ортосунда 2025–2026-окуу жылына карата түзүлгөн биргелешкен иш-пландын негизинде, адаптациялык-педагогикалык практиканын алкагында 2-курстун студенттери тарабынан 5–7-класстардын окуучулары арасында «Математикалык Брейн-ринг» интеллектуалдык оюну уюштурулду. Иш-чарага жалпы 6 команда катышты. Командалар аралаш курамда түзүлүп, ар бирине 5-, 6- жана 7-класстардан бирден окуучу киргизилди. Оюндун тапшырмалары мектеп программасынын негизинде тандалып алынып, төмөнкү үч этапта (жалпы суроолор, Kahoot! платформасы жана логикалык тур) өткөрүлдү. Белгилей кетчү нерсе, бул иш-чара мектеп жетекчилиги жана практика жетекчилери менен алдын ала макулдашылып, окуучулардын математика илимине болгон кызыгуусун арттыруу жана логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү максатында уюштурулду. Оюндун соңунда жеңүүчү болгон жана активдүү катышкан окуучуларга практиканттар тарабынан даярдалган атайын белектер тапшырылды. Бул демилге окуучулардын командада иштөө көндүмдөрүн калыптандырууга багытталса, студенттер үчүн педагогикалык тажрыйба топтоого чоң өбөлгө болду. Аталган мектепте 6 студент-практикант өздөрүнүн адаптациялык-педагогикалык практикасын ийгиликтүү жыйынтыкташты.