1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

33

НООКЕН РАЙОНУНУН МЕКТЕПТЕРИНДЕ КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ИШ-ЧАРАЛАРЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 29-апрель күнү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун №14 тескемесинин негизинде, Ноокен районундагы мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн кезектеги профориентациялык жолугушуулар болуп өттү. Бул маанилүү иш-чаранын алкагында Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу, физика-математика илимдеринин кандидаты М.Н. Нурматова атайын түзүлгөн команданын курамында Ноокен районундагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө математика адистигинин артыкчылыктары жана заманбап илимдеги орду тууралуу кеңири маалымат берди. Иш-чара Ноокен райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте уюштурулуп, графикке ылайык төмөнкү борборлоштурулган мектептерде өткөрүлдү: • Масы айылы, №2 С. Ногоева атындагы мектепте: Д. Садырбаев айыл аймагына караштуу №1, 2, 3, 4, 5, 6, 25, 29, 30, 31, 35, 36, 42-мектептердин бүтүрүүчүлөрү менен; • №18 М. Молдалиев атындагы мектепте: Бүргөндү айылына караштуу мектептердин окуучулары менен; М.Н. Нурматова өз сөзүндө ЖАМУдагы 550200 физика-математикалык билим берүү багытынын математика профилинде билим алуунун өзгөчөлүктөрүнө, бул кесиптин бүгүнкү санариптешүү доорундагы актуалдуулугуна токтолду. Окуучуларга математикалык моделдештирүү жана фундаменталдык илимдер боюнча маалымат берип, Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) математика предметинин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга университеттин заманбап материалдык-техникалык базасы, студенттик турмуш, маданий-спорттук жетишкендиктери жөнүндө баяндап берип, атайын буклеттерди таратты. Университеттин жамааты иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүшүнө көмөктөшкөн Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сыргак Тажибаевичке терең ыраазычылык билдирет. Бул иш-чаралар келечектеги адистердин туура жол тандоосуна багыт берери шексиз.