1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

29

ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯНЫН 6-СЕКЦИЯСЫ ӨЗ ИШИН ЖЫЙЫНТЫКТАДЫ

2026-жылдын 24-апрелинде Кыргызстандын жогорку билим берүү тармагындагы көрүнүктүү педагог жана окумуштуу, профессор Үмөтов Эгемберди Үмөтовичтин 90 жылдык мааракесине жана жаркын элесине арналган «Жогорку билим берүүнүн педагогикасы жана илим туруктуу өнүгүүнүн контекстинде: транспаренттүү билим берүүнүн салттары, инновациялары жана глобалдык чакырыктары» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын алкагында “Математика жана математиканы окутуунун учурдагы проблемалары” аттуу 6-секция (209-ауд.) ийгиликтүү иштеп, өз ишин жыйынтыктады. • Төрага: ф.-м.и.д., профессор Алыбаев Курманбек Сарманович. • Катчы: ф.-м.и.к., доценттин м.а. Нурматова Майрамгүл Нарбековна. Секциянын ишине окутуучулар, магистранттар жана студенттер катышып, жалпысынан 15 илимий баяндама угулду. Баяндамаларда математика илиминин заманбап маселелери жана аны окутуунун инновациялык технологиялары талкууланды. Секциянын соңунда атайын протокол кабыл алынып, баяндамалардын актуалдуулугун эске алуу менен алар илимий жыйнакка басмага сунушталды.