1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

24

СТУДЕНТТЕРДИН ИЛИМИЙ ИЗДЕНҮҮЛӨРҮНҮН БАЯНДАМАЛАРЫ

2026-жылдын 22-апрелинде “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин “Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар илим-изилдөө институтунун” алкагында кезектеги илимий семинар болуп өттү. Семинар “Асимптотикалык, компьютердик, топологиялык методдор жана математиканы окутуунун технологиялары” лабораториясынын базасында уюштурулуп, ага лаборатория жетекчиси жана мүчөлөрү катышты. Семинардын жүрүшүндө ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенттери Асанбай кызы Кенжегүл жана Тамчиева Айназик өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен бөлүшүштү. Баяндамачылар маселелердин коюлушуна, аларды чечүүнүн аналитикалык жана асимптотикалык ыкмаларына кеңири токтолуп, алынган илимий жыйынтыктарды ортого салышты: 1. Тамчиева Айназик. Логарифмалык полюстарга ээ болгон сингулярдык козголгон теңдемелерди изилдөө. 2. Асанбай кызы Кенжегүл. Түрдүү эселүү нөлдөргө ээ болгон сингулярдык козголгон теңдемелердин чечимдеринин асимптотикасы. Студенттер өз баяндамаларында изилдөөнүн теориялык негиздерин гана эмес, конкреттүү математикалык моделдерди куруу жана чечимдердин жүрүм-турумун негиздөө жолдорун көрсөтө алышты. Баяндама кызуу талкуу менен коштолуп, катышуучулар тарабынан суроолор берилди. Лаборатория жетекчиси, физика-математика илимдеринин доктору, профессор К.С. Алыбаев изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча өз пикирин билдирип, илимий ишти андан ары тереңдетүү жана өнүктүрүү багыттары боюнча баалуу сунуштарын берди.