1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТҮН АЛКАГЫНДА СТУДЕНТТЕР ТАЖРЫЙБА АЛМАШЫШТЫ

2026-жылдын 13-апрелинен 25-апрелине чейинки аралыкта "Б.Осмонов атындагы ЖАМУ" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын ФМББ багытынын математика профилинде окуган 3-курстун студенттери Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик университетинин базасында уюштурулган I модулдук академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында тажрыйба алмашууга катышып келишти.Аталган программага ФМББ(М)-1-23 тайпасынын төмөнкү студенттери  катышты:1. Абдуллаева Назгул Абдумаликовна2. Абдыкапарова Гулайша Элдияровна3. Уларбек кызы АйпериАкадемиялык мобилдүүлүк программасынын жүрүшүндө студенттер математика жана математикалык моделдештирүү багытындагы заманбап дисциплиналар боюнча лекцияларга жана практикалык сабактарга катышышты. Ошондой эле алар санариптик билим берүү технологиялары, интерактивдүү окутуу ыкмалары жана илимий изилдөө жүргүзүүнүн негиздери менен таанышышты.Мындан тышкары, студенттер университеттин окутуучулары жана башка өлкөлөрдөн келген студенттер менен тажрыйба алмашып, биргелешкен талкууларга жана чакан илимий семинарларга активдүү катышышты. Бул өз кезегинде алардын коммуникациялык жөндөмдөрүн өнүктүрүп, эл аралык академиялык чөйрөгө адаптациялануусуна өбөлгө түздү.Программа алкагында маданий иш-чаралар да уюштурулуп, студенттер Андижан шаарынын тарыхый жана маданий жайлары менен таанышып, коңшу өлкөнүн маданияты жана салттары тууралуу кеңири маалымат алышты.Академиялык мобилдүүлүк эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, билим берүү сапатын жогорулатууга жана студенттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга чоң салым кошту.Жыйынтыгында студенттер программаны ийгиликтүү аяктап, тиешелүү сертификаттарга ээ болушту. Алар эл аралык деңгээлдеги билим, жаңы тажрыйба жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө колдонууга мүмкүн болгон практикалык көндүмдөр менен мекенине кайтып келишти.