1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

“Адаптациялык-педагогикалык практика шартында болочок математика мугалимдеринин кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу”

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын ФМББ(М)-1-24 группасынын студенттери адаптациялык-педагогикалык практикадан өтүп жатышат. Группанын айрым студенттери Манас шаарындагы №4 жалпы билим берүүчү орто мектебине жана Сузак районунун Кара-Март айылындагы №32 Жапарбаев Абдыкадыр атындагы орто мектебине бөлүнүп, практикасын улантууда. Практика мезгилинде кафедра тарабынан бекитилген практика жетекчиси Маткаримова Минавар Шарабидиновна студенттер менен үзгүлтүксүз иш алып барып, аларга системалуу түрдө методикалык колдоо көрсөтүп келүүдө. Жетекчинин жетекчилиги алдында студенттер сабактарды байкоо жана талдоо жүргүзүп, окуу-тарбия процессине активдүү катышып, практиканын жол картасына ылайык ишмердүүлүгүн уюштурууда. Ошондой эле студенттерге сабак пландоо, окутуунун ыкмаларын туура тандоо, мектеп документациялары менен иштөө жана педагогикалык ишмердүүлүктө кездешкен кыйынчылыктарды чечүү боюнча тиешелүү сунуштар берилүүдө. Бул иштер студенттердин кесиптик даярдыгын бекемдөөгө багытталган.