1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

2026-жылдын 27-апрель күнү "Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы ачык эшиктер күнүнө карата уюштурулган иш-чарага жогорку деңгээлде жана уюшкандыкта катышты.Иш-чаранын негизги максаты – мектеп бүтүрүүчүлөрүнө, абитуриенттерге жана алардын ата-энелерине университеттин окуу процесси, билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, кафедранын илимий-изилдөө ишмердүүлүгү жана студенттик жашоо тууралуу кеңири маалымат берүү болду.Катышуучулар окуу аудиториялары, компьютердик класстар жана лабораториялар менен таанышып, окуу шарттары тууралуу толук маалымат алышты. Мындан тышкары, кафедранын окутуучулары абитуриенттердин суроолоруна жооп берип, кесип тандоодо пайдалуу кеңештерди беришти.“Ачык эшиктер күнү” иш-чарасы жаштардын математика жана маалыматтык технологиялар тармагына болгон кызыгуусун арттырып, келечектеги кесиптик багытын туура тандоосуна өбөлгө түздү. Иш-чара жандуу баарлашуу, өз ара түшүнүшүү жана пайдалуу маалымат алмашуу шартында жыйынтыкталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө ф.-м.и.д., профессор Алыбаев Курманбек Сарманович "Математика-келечектин ачкычы" темасында мастер-класс өттү. Ошондой эле конокторго кафедранын окутуучулары тарабынан математиканын заманбап багыттары, математикалык моделдештирүүнүн практикалык колдонулушу, ошондой эле маалыматтык технологиялар менен айкалыштырылган окуу программалары тууралуу презентациялар сунушталды. Ошондой эле студенттер тарабынан даярдалган долбоорлор жана илимий иштер көрсөтүлүп, келгендерге чоң кызыгуу жаратты.