1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

27

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ИНТЕРВЬЮ 

2026-жылдын 22-апрелинде ЖАМУнун Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окутуучусу Б. Б. Сыдыкова ЖАМУнун бүтүрүүчусү Сузак районуна караштуу №25 А Тажибаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин математика мугалими Алимусаева Зыйнат Арзимбаевнадан интервью алды. Интервьюнын жүрүшүндө Алимусаева Зыйнат Арзимбаевна төмөндөгү суроолорго жооп берди: — Саламатсызбы, Зыйнат Арзимбаевна. Алгач, өзүнуз жөнүндө айтып кетсеңиз. — Саламатсыздарбы. Мен өзүм ЖАМУнун бүтүрүүчүсүмүн. Бул окуу жайды 2002-жылы ийгиликтүү аяктагам. Университетте алган билимим менин кесиптик жашоомдун бекем пайдубалы болуп калды. Азыркы учурда Сузак районуна караштуу №25 А Тажибаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин математика мугалими болуп эмгектенип, окуучуларды окутуп, тарбиялап келемин. ЖАМУ мага терең теориялык билим гана бербестен, турмушта өз ордумду табууга, жоопкерчиликтүү жана чыгармачыл инсан болуп калыптанууга чоң таасир тийгизди. — ЖАМУнун бүтүрүүчүсү катары, университет жөнүндө сиздин көз карашыңыз кандай? — ЖАМУну улуттук деңгээлдеги алдыңкы окуу жайлардын бири катары жогору баалайм. Университет билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, студенттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү багытында үзгүлтүксүз иш алып барууда. -ЖАМУнун келечегин сиз кандай көрөсүз? — ЖАМУнун келечегин мен абдан кең мүмкүнчүлүктөр менен байланыштырмакмын. Бул окуу жай мындан ары да билим берүүнүн сапатын жогорулатып, заманбап технологияларды активдүү киргизип, эл аралык деңгээлдеги кызматташтыгын кеңейтет деп ишенем. Ошондой эле ЖАМУ келечекте атаандаштыкка жөндөмдүү, чыгармачыл жана кесипкөй адистерди даярдоону улантып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң салым кошот деп ойлойм.