1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

25

ЖАМУ – САПАТТУУ БИЛИМДИН ЖАНА КЕЛЕЧЕКТИН ИШЕНИМДҮҮ БУЛАГЫ 

2026-жылдын 22-апрелинде ЖАМУнун Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун маметатика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окутуучусу Б. Б. Сыдыкова жана педагогика,психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын улук окутуучу Шишкараева Ажар Козубаевна Сузак районуна караштуу №33 Рахман Исманалиев атындагы орто мектебинин директору иш берүүчү Кадырова Гульзара Бекташовнадан интервью алышты. Интервьюнын жүрүшүндө Кадырова Гульзара Бекташовнадан төмөндөгү суроолорго жооп берди: — Саламатсызбы, Гульзара Бекташовна. Алгач, ЖАМУ тууралуу маалыматыңыз барбы? Саламатсыздарбы. Ооба, албетте, ЖАМУ тууралуу маалыматыбыз бар. Университет сапаттуу билим берүүсү, тажрыйбалуу окутуучулары жана заманбап окутуу ыкмалары менен айырмаланат. Биздин мектеп да ЖАМУ менен тыгыз байланышта иш алып барып келет. — Гульзара Бекташовна, ЖАМУнун математика жана башталгыч билим берүү адистиктеринен келген студенттеринин практика өтүүсү тууралуу кандай ойдосуз? — Жалпысынан практикага келген студенттер тууралуу абдан жакшы пикирдемин. Алардын теориялык даярдыгы жогору, сабак берүү методикасын жакшы өздөштүрүшкөн жана өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылышат. Негизги компетенциялар боюнча да жетиштүү деңгээлде даяр экендигин байкоого болот. Практика учурунда студенттер өздөрүнүн билимдерин ийгиликтүү колдонуп, окуучулар менен иштешүүдө активдүүлүгүн көрсөтүшөт. Бул ЖАМУнун сапаттуу билим берүүгө болгон системалуу жана максаттуу аракетинин жыйынтыгы деп ойлойм. — ЖАМУдан практикага келген студенттердин билим деңгээли, кесиптик компетенциялары сизди канааттандырдыбы? — Ооба, толугу менен канааттандырды деп ишенимдүү айта алам. Студенттер сабак өтүүдө заманбап ыкмаларды колдонууга аракет кылышат, инновациялык технологияларга кызыгуусу жогору. Алар окуучулар менен тил табыша билип, сабакты кызыктуу жана түшүнүктүү өткөрүүгө умтулушат. Мындай сапаттар келечекте мыкты адис болуп чыгышына бекем негиз түзөт. -ЖАМУнун келечегин сиз кандай көрөсүз?  ЖАМУ — бул билимге умтулган жаштар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачкан, келечекке ишенимдүү кадам таштоого шарт түзгөн билим берүү мекемеси. Бул окуу жайдан билим алган ар бир бүтүрүүчү өз тармагында ийгиликтүү иш алып барып, коомго пайдалуу салым кошо алат деп ишенем.