1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

30

ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ УЛАНТЫЛУУДА

Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окутуучусу Сыдыкова Б. Б. №21 Жолболду Болотов атындагы орто мектебинде кесиптик-базалык жана кесиптик-профилдик практика өтөп жаткан кафедранын студенттерине «Математика сабагында окуучулардын ден-соолугун сактоо технологиялары жана туруктуу өнүгүү максаттарын интеграциялоо» темасында сабак өткөрдү. Сабактын жүрүшүндө студенттерге иш ордунда сабакты туура уюштуруу, окуучулардын ден-соолугун сактоочу шарттарды түзүү жана окутуу процессинде психологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча кеңири маалымат берилди. Окутуучу сабактын структурасын туура пландоонун, окуучулардын чарчоосун алдын алуунун жана физикалык активдүүлүктү туура уюштуруунун маанисин белгиледи. Практикалык бөлүгүндө студенттер математикалык сабактарга «Сергек жашоо» түшүнүгүн интеграциялоонун жолдорун өз алдынча иштеп чыгышты. Алар ар кандай математикалык мисалдар жана маселелер аркылуу окуучулардын ден-соолукка болгон жоопкерчилигин калыптандыруу ыкмаларын талкуулашты. Жыйынтыгында, студенттер сабакты уюштуруунун эффективдүү жолдорун өздөштүрүп, ден-соолукту сактоочу технологияларды жана туруктуу өнүгүү принциптерин практикада колдонуу боюнча маанилүү тажрыйба алышты.