1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

31

ИНТЕРНЕТ КЫЛМЫШТАРЫ ЖАНА АНЫН ТҮРЛӨРҮ, КООМГО ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын М-1-25 тайпасынын куратору Б. Б. Сыдыкова «Интернет кылмыштары, анын түрлөрү жана коомго тийгизген таасири» деген темада куратордук саат өткөрдү. Сабактын жүрүшүндө виртуалдык кылмыштардын коомго жана адамдын психологиясына тийгизген терс таасирлери талкууланды жана ошондой эле социалдык тармактарды колдонууда этият болуу, жеке маалыматтарды коргоо жана коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча сунуштар айтылды. Студенттер тема боюнча видео роликтерди даярдашып, активдүү талкуу жүргүзүштү. Мындай тарбиялык иш-чаралар жаштардын санариптик коопсуздук боюнча билим деңгээлин жогорулатууга жана аларды онлайн мейкиндикте сак болууга чакырууга чоң өбөлгө түзөт.