1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

57

КИБЕРКООПСУЗДУК ДЕГЕН ЭМНЕ ЖАНА АНЫ КАНТИП КАМСЫЗ КЫЛУУ 

2026-жылдын  27-апрелинде "Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окутуучусу Эрматали уулу Баяман ФМББ(М)-1-23 тайпасына «Киберкоопсуздук деген эмне жана аны кантип камсыз кылуу керек?» деген темада куратордук саат өттү.  Куратордук сааттын негизги максаты – студенттерге санариптиккоопсуздуктун маанисин түшүндүрүү, интернет мейкиндигинде өзүн туура алып жүрүү маданиятын калыптандыруу жана жеке маалыматтарды коргоо боюнча көндүмдөрдү калыптандыруу болду.Куратордук сааттын жүрүшүндө киберкоопсуздуктун негизги түшүнүктөрү, анын ичинде:жеке маалыматтарды коргоо,коопсуз сыр сөз (пароль) түзүү эрежелери,фишинг жана алдамчылык ыкмалары,социалдык тармактарда коопсуз жүрүм-турумсыяктуу маанилүү маселелер кеңири талкууланды.Студенттерге реалдуу мисалдар көрсөтүлүп, киберкоркунучтардан сактануунун жолдору практикалык мисалдар аркылуу түшүндүрүлдү. Ошондой эле студенттер өз ойлору менен бөлүшүп, суроо-жооп форматында активдүү катышышты.Жыйынтыгында студенттер киберкоопсуздук – бул ар бир адам үчүн маанилүү экендигин түшүнүшүп, күнүмдүк жашоодо коопсуздук эрежелерин сактоонун зарылдыгын белгилешти.