1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

ПРАКТИКАНТТАР ҮЧҮН ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ: ӨЗ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ РЕФЛЕКСИЯ ЖАНА SWOT-АНАЛИЗ

2026-жылдын 17-апрелинде “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу, ф.-м.и.к. Нурматова Майрамгул Нарбековна тарабынан кесиптик даярдоо иш-чара өткөрүлдү. Окутуу Манас шаарындагы №18 “Манас-1000” мектебинин базасында, адаптациялык практиканын жумушчу программасына ылайык “Жумуш ордунда окутуу” планынын алкагында уюштурулду. Окутуунун максаты: Практикант-студенттерди өз ишмердүүлүгүнө терең рефлексия жасоого, кетирилген каталарды өз алдынча табууга жана аларды оңдоо аркылуу кесиптик чеберчилигин арттырууга үйрөтүү. Окутуунун негизги багыттары: 1. Студенттерге сабак бүтөрү менен өтүлгөн материалдын натыйжалуулугун жазуу жүзүндө тез арада талдоо көндүмдөрү үйрөтүлдү. 2. Кетирилген методикалык же техникалык каталарды жөн гана белгилебестен, аларды системалаштыруу жана жоюунун конкреттүү жолдорун издөө жол-жоболору каралды. 3. Практикант өзүнүн сабак берүү процессине сырттан байкоочу катары карап, өзүнө объективдүү баа берүү ыкмаларын өздөштүрдү. 4. Окуучулардан алынган пикирлердин негизинде сабактын сапатын аныктоо жана окуучунун муктаждыгына жараша иш алып баруу талкууланды. Иш-чаранын практикалык бөлүгүндө Нурматова М.Н. тарабынан атайын даярдалган таратма материалдар колдонулду. Студенттер өз ишине карата SWOT-анализ иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Өткөрүлгөн окутуу практиканттардын кесиптик деңгээлин анализдөөгө, рефлексиялык маданиятын калыптандырууга жана болочок мугалим катары жоопкерчилигин жогорулатууга чоң өбөлгө түздү. Материалдардын жыйынтыгы студенттердин практикалык күндөлүктөрүнө тиркелди.