1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

33

МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ ИЗДЕНҮҮЛӨРҮ ЖАНА ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

2026-жылдын 17-апрелинде “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин “Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар” илим-изилдөө институтунун кезектеги илимий семинары болуп өттү. Иш-чара «Асимптотикалык, компьютердик, топологиялык методдор жана математиканы окутуунун технологиялары» лабораториясынын базасында уюштурулуп, ага илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, лаборатория мүчөлөрү жана жаш окумуштуулар катышты. Семинардын алкагында магистранттар өз ишинин актуалдуулугун жана илимий жаңылыгын негиздеген баяндамаларды сунушташты: 1. Джумалыева Гулиза, темасы: «Нөлдөргө жана полюстарга ээ болгон сингулярдык козголгон теңдемелер». Каралган маселелер: Баяндамачы сингулярдык козголгон теңдемелердин чечимдеринин жүрүм-турумун үч негизги багытта чечмелеп берди: Полюс гана болгон учурдагы өзгөчөлүктөр; Бир нече полюстар болгон учурдагы математикалык моделдөө; Нөл жана полюс бир учурда кездешкен татаал структуралуу маселелер. 2. Кеңешбекова Айсара, темасы: «Айрым класстагы сингулярдык козголгон аналитикалык функциялуу теңдемелер». Каралган маселелер: Изилдөөдө аналитикалык функциялуу теңдемелер үчүн төмөнкү аспектилер талдоого алынган: Чектик катмар сызыктарын аныктоо; Сингулярдык жана регулярдык областтардын классификациясы; Чечимдердин «кармалышы»; Өздүк маанилердин нөлдөрүнүн жана полюстарынын чечимдин асимптотикалык жүрүмүнө тийгизген таасири. Баяндамалар суроо-жооп жана кызуу талкуу менен коштолду. Лабораториянын жетекчиси, физика-математика илимдеринин доктору, профессор К.С. Алыбаев жаш изилдөөчүлөрдүн иштерине токтолуп, төмөнкүдөй пикирин билдирди: «Берилген илимий изилдөөлөр заманбап дифференциалдык теңдемелердин татаал маселелерин камтыйт. Өзгөчө асимптотикалык жүрүм-турумду изилдөөдө нөлдөр менен полюстардын ролун тактоо — келечектүү багыт». Профессор изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын андан ары тереңдетүү, эл аралык илимий базаларда макалаларды жарыялоо жана практикалык багыттарын өнүктүрүү боюнча баалуу сунуштарын берди. Семинардын максаты – жаш окумуштуулардын илимий потенциалын жогорулатуу жана фундаменталдык математика багытындагы тажрыйба алмашууну камсыз кылуу болуп саналат.