1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

БИЛИМ БЕРҮҮДӨ МААЛЫМАТТЫК-КОММУНИКАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН КОЛДОНУЛУШУ АТАЛЫШЫНДАГЫ МАСТЕР-КЛАСС ӨТКӨРҮЛДҮ 

2026-жылдын 18-апрелинде "Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окутуучусу Эрматали уулу Баяман тарабынан «Билим берүүдө маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын колдонулушу» аталышында мастер-класс өткөрүлдү. Мастер-класстын негизги максаты – билим берүү процессинде заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) натыйжалуу колдонуу ыкмаларын көрсөтүү болду. Мастер-класска институттун директору, ф.и.к., доцент З.С.Калыбекова, окутуучулар катышты жана жүрүшүндө катышуучулар интерактивдүү платформалар, презентация даярдоо куралдары, онлайн окутуу системалары жана программалар менен таанышышты. Мастер-класс талкуу жана практикалык бөлүктөр менен коштолуп, катышуучулар өз ой-пикирлерин билдирип, заманбап технологиялар билим берүүнүн сапатын жогорулатууда маанилүү роль ойной турганын белгилешти.