1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

«КОРРУПЦИЯ – КООМДУН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ТОСКООЛДУК: СЕБЕПТЕРИ, КЕСЕПЕТТЕРИ ЖАНА АЛДЫН АЛУУ ЖОЛДОРУ» 

 ЖАМУнун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окутуучусу Эрматали уулу Баяман ФМББ(М)-1-23 тайпасына «Коррупция – коомдун өнүгүүсүнө тоскоолдук: себептери, кесепеттери жана алдын алуу жолдору» деген темада куратордук саат өттү. Куратордук сааттын негизги максаты – студенттерге коррупция түшүнүгүн кеңири түшүндүрүү, ошондой эле мыйзамдуулукту сактоого, адилеттүүлүккө, чынчылдыкка жана жарандык жоопкерчиликке тарбиялоо, коррупцияга каршы туруктуу көз карашты калыптандыруу болду.Куратордук сааттын жүрүшүндө студенттер топторго бөлүнүп, коррупциянын себептерин, кесепеттерин жана аны алдын алуу жолдорун талкуулашты. Алар өз ойлорун эркин билдирип, паракорчулук, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу көрүнүштөрдүн коомдун өнүгүүсүнө тийгизген зыяны тууралуу мисалдар менен бөлүшүштү. Ошондой эле мыйзамдарды сактоо, жарандык активдүүлүктү жогорулатуу, билим берүү аркылуу коррупцияны азайтуу маселелери боюнча активдүү катышышты. Куратор өз сөзүндө: "Коррупция – бул мамлекеттин өнүгүүсүнө олуттуу тоскоолдук жараткан терс көрүнүш. Ар бир жаран өзүнөн баштап, чынчылдыкты жана адилеттүүлүктү карманганда гана биз таза жана өнүккөн коомду кура алабыз"- деп баса белгиледи.