1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

ОКУУ-УСУЛДУК КОМПЛЕКСТЕРДИ САПАТТУУ ИШТЕП ЧЫГУУ – МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

2026-жылдын 15-апрелинде “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунда маанилүү иш-чара болуп өттү. Институттун Сапат кеңеши тарабынан уюштурулган бул жыйын «Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык» кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы үчүн өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты: • Үстүбүздөгү жылдын март айында өткөн аккредитациянын жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди жоюу; • Окуу-усулдук комплекстерди (ОУК) заманбап талаптарга ылайык иштеп чыгуу жана сапатын жогорулатуу. Иш-чарага институттун жетекчилиги жана тажрыйбалуу адистер катышышты: • З.С. Калыбекова – институттун директору, ф.и.к., доцент; • С. Осмоналиева – директордун орун басары, п.и.к.; • Г. Темирбаева – Методикалык кеңештин төрагасы. Иш-чараны Сапат кеңешинин төрагасы, ф.-м.и.к. М.Н. Нурматова алып барып, төмөнкү багыттар боюнча кеңири түшүндүрмө берди: 1. ОУКтун структурасы: Жобого ылайык окуу-усулдук комплекстин түзүмү кандай болушу керек? 2. Иштеп чыгуу механизми: Мазмунду даярдоодогу этаптар жана методикалык талаптар. 3. Сапаттык көрсөткүч: Ар бир окутуучунун окуу-усулдук материалдары МББСнын жана НББПнын түзүмдүк талаптарына жооп бериши жана мазмуну боюнча заманбап стандарттарга шайкеш келиши шарт. Иш-чара суроо-жооп жана кызуу талкуу менен коштолду. Жыйындын соңунда ар бир окутуучуга өзүнүн окуу-усулдук комплекстерин иштеп чыгуу жана өркүндөтүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди. Кийинки практикалык кадамдар ар бир окутуучунун ОУКларын деталдуу карап чыгууга багытталмакчы.