1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

КЫЗЫЛ-ТОКОЙ АЙЫЛЫНДАГЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРИЛДИ

Чаткал районунун Кызыл-Токой айылындагы Б. Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде 2026-жылдын 10-апрелинде кесипке багыт берүү иш-чарасы уюштурулду. Жолугушууну “Б. Осмонов атындагы ЖАМУ” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын өкүлү, ф.-м.и.к. М. Н. Нурматова өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багыты, кафедранын расмий сайты жана социалдык тармактардагы баракчалары тааныштырылды. М. Нурматова окуучуларга математик болуунун кадыр-баркы жана бул кесиптин заманбап билим берүүдөгү ролу тууралуу айтып берди. Ошондой эле төмөнкү иштер жүргүзүлдү: • Окуучуларга сынамык тесттерди өтүү боюнча методикалык кеңештер берилди; • Кесипке багыт берүү максатында профилдин өзгөчөлүктөрү жөнүндө түшүндүрмө берилди; • Кафедранын жетишкендиктери камтылган маалыматтык буклеттер таратылды. Бул жолугушуу бүтүрүүчүлөр үчүн келечектеги кесибин туура аныктоого багыт берген маанилүү иш-чара болду.