1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

И. РАЗАКОВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕГИ КЕСИПКЕ БАГЫТТОО ИШИ

2026-жылдын 10-апрелинде Терек-Сай айылындагы И. Разаков атындагы (мурдагы Макаренко атындагы) жалпы орто билим берүү мектебинде өзгөчө маанайдагы кесипке багыт берүү иш-чарасы болуп өттү. Бул жолугушуунун өзгөчөлүгү – иш-чараны аталган мектептин сыймыктуу бүтүрүүчүсү, “Б. Осмонов атындагы ЖАМУ” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын доцентинин м.а., ф.-м.и.к. М. Н. Нурматова өткөрдү. Мектептин директору Г. Шералиева жана окуу бөлүмүнүн башчысы Ч. Амиракулова сөзгө чыгышып, М. Нурматованын өз мектебинин сыймыгы экенин, бүгүнкү күндө илим жолунда чоң ийгиликтерге жетишкендигин баса белгилешти. Иш-чарада бүтүрүүчүлөргө төмөнкүлөр сунушталды: • 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытындагы математика профилинин артыкчылыктары; • ЖРТга карата сынамык тесттерди тапшыруунун маанилүүлүгү жана педагогикалык багыттагы адистиктерге кабыл алуу шарттарынын өзгөчөлүктөрү; • Кафедранын заманбап мүмкүнчүлүктөрү жана жетишкендиктери. Окуучуларга маалыматтык буклеттер таратылып, өз мектебинен чыккан илимпоз эжеси менен болгон баарлашуу аларда кесип тандоого чоң шыктануу жаратты.