1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

32

КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ИШТЕРИ ЖИГЕРДҮҮ ЖҮРҮҮДӨ

2026-жылдын 10-апрелинде Чаткал районундагы мектеп бүтүрүүчүлөрүн кесипке багыттоо иштеринин алкагында, “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын өкүлү, ф.-м.и.к., доценттин м.а. М. Н. Нурматова Терек-Сай айыл аймагындагы А. Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 11-класстынын окуучулары менен жолугушту. Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү маалыматтар берилди: • 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын келечеги, окутуунун өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары; • Кафедранын расмий сайты, эмгек жамааты, илимий жетишкендиктери жана сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү тууралуу кенен түшүндүрмө; • Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдануу үчүн сынамык тесттерден өтүү тартиби жана окуу жайга тапшыруунун өзгөчө шарттары. Жолугушуунун соңунда окуучуларга атайын даярдалган маалыматтык буклеттер таратылып, келечектеги кесипти тандоо жана окуу профили боюнча берилген суроолорго деталдуу жооптор берилди.