1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

9

ОНЛАЙН КОНОК ЛЕКЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 7-апрелинде «Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын доцентинин м.а., ф.-м.и.к. М.Н. Нурматова Нарын мамлекеттик университетинин (НМУ) математика профилинин 3-курсунун студенттери үчүн онлайн конок лекция өттү. Лекцияга НМУнун «Физика, математика жана информатика» кафедрасынын башчысы Б. Биймурсаева баштаган окутуучулар курамы жана студенттер катышты. Zoom платформасы аркылуу уюштурулган лекциянын темасы: «Сан удаалаштыктарын жана прогрессияларды STEM технологиясынын негизинде окутуунун методикасы». Сабактын жүрүшүндө лектор окуу программасынын 9-класстагы күтүлүүчү натыйжаларына таянуу менен, арифметикалык прогрессияны окутууда окуучулардын кызыгуусун арттыруучу ишмердүүлүктөрдү сунуштады. Ошондой эле аныктамаларды жана формулаларды корутундулап чыгаруу, геометриялык прогрессияны арифметикалык прогрессияга аналогиялуу түшүндүрүү, видео-фрагменттерди колдонуу жана инженериялык-технологиялык тапшырмаларды практикада ишке ашыруу жолдору боюнча кеңири маалымат берди. Бул иш-чара эки окуу жайдын ортосундагы илимий-методикалык кызматташтыкты чыңдоо жана тажрыйба алмашуу аркылуу келечектеги адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында ишке ашырылды.