1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

38

БАЗАЛЫК МЕКТЕПТЕ ОКУУЧУЛАРДЫ ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨГӨ ДАЯРДОО УЛАНТЫЛУУДА

2026-жылдын 6-апрелинде Манас шаарындагы №18 «Манас-1000» жалпы билим берүү орто мектебинде бүтүрүүчүлөр үчүн маанилүү иш-чара болуп өттү. Бул сабак “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасы менен базалык мектептин биргелешкен иш-планынын алкагында уюштурулду. Белгилей кетсек, 2026-жылдын 12-мартында кафедранын ага окутуучусу Сардорбек Тургунович Шарапов окуучуларга ЖРТнын тапшырмаларын талдоо жана алар менен иштөө методикасы боюнча алгачкы түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Бул жолу бүтүрүүчүлөр менен ишти ф.-м.и.к., улук окутуучу М.Н. Нурматова улантты. Сабактын негизги багыттары: 1. Онлайн тесттин өзгөчөлүктөрү: Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайты аркылуу онлайн тесттен өтүүнүн тартиби жана өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берилди. 2. Практикалык талдоо: Окуучулар менен биргеликте математиканын ар кандай бөлүмдөрү боюнча типтүү тапшырмалар талданып, тест учурунда көңүл бурула турган маанилүү жагдайлар түшүндүрүлдү. 3. Даярдыкты жакшыртуу: Бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТга болгон психологиялык жана билим деңгээлин жогорулатууга, тапшырмаларды аткаруунун натыйжалуу ыкмаларын өздөштүрүүсүнө басым жасалды. Иш-чара окуучулардын кызыгуусун жаратып, суроо-жооп иретинде активдүү талкуу менен коштолду.