1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

15

БАЗАЛЫК МЕКТЕПТЕ 5Е МОДЕЛИ БОЮНЧА МАСТЕР-КЛАССТАР УЛАНТЫЛУУДА

2026-жылдын 6-апрелинде Манас шаарындагы №18 «Манас-1000» жалпы билим берүү орто мектебинде кезектеги мастер-класс болуп өттү. Иш-чара Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын окутуучулар курамы тарабынан мектеп мугалимдерине методикалык жардам көрсөтүү максатында уюштурулду. Иш-чаранын негизги багыттары: - Кафедранын базалык мектеби менен биргеликте түзүлгөн иш-планга ылайык, физика-математика илимдеринин кандидаты, улук окутуучу М.Н. Нурматова алып барды. - «5Е модели боюнча сабакты пландаштыруудагы маанилүү учурлар жана этаптарды пландоого багыт берүү». Мастер-класстын мазмуну жана жыйынтыгы: 1. 5Е моделин колдонуу: Ар кайсы багыттагы предметтик мугалимдер үчүн 5Е моделине таянып сабактарды эффективдүү пландоо маселелери каралды. 2. Баалуулуктар жана компетенттүүлүк: Мурунку жолугушуунун «чыгуу билетинде» катышуучулар тарабынан берилген суроолордун негизинде – жалпы билим берүү стандартындагы негизги компетенттүүлүктөр жана алардын алкагындагы баалуулуктар боюнча тереңдетилген талкуу жүрдү. 3. Практикалык багыт: Мугалимдер теориялык билимдерин практикада колдонуу боюнча багыттарды алышты. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга алган билимдерин бышыктоо максатында кийинки жолугушууга чейин аткарыла турган атайын тапшырмалар берилди.