1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

17

Профессор Абубакир Джураев казак математиктеринин биринчи конгрессинде доклад жасады жана 2 илимий докладтар бөлүмүн жетектеди

2026-жылдын 3-7-апрелинде Казакстандын Шымкент шаарында Казак математиктеринин 1-конгресси болуп өттү. Конгрессте 500дөн ашык математиктер катышты, алардын арасынан 100гө жакын окумуштуу 26 чет мамлекеттен келишти. Конгресс Илим жана жогорку билим берүү министри, областтардын губернаторлору, аким жана мэрдин катышуусунда Президенттин колдоосу жана Премьер-министрдин куттуктоосу менен башталды.20дан ашык Россия, Өзбекстан, Грузия, Казакстан улуттук академияларынын академиктери, 100дөн ашык илимдин докторлору жана жаш окумуштуулар докладтарын жасашты.Б.Осмонов атындагы "Жалалабат мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин профессору Абубакир Джураев 2 бөлүмгө жетекчи болду. Бул бөлүмдө чек аралык маселелер, аларды техникада пайдалануу жана жасалма интеллект багытындагы докладтар угулду жана докладчыларга сертификаттар таппшырылды.