1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

18

АДАПТАЦИЯЛЫК ПРАКТИКАНЫН БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

2025–2026-окуу жылынын академиялык календарына ылайык, “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү-өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунда маанилүү иш-чара уюштурулду. Анда 550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын математика профили боюнча М-1-24 тайпасынын студенттери үчүн адаптациялык-педагогикалык практика алдындагы багыт берүүчү конференция болуп өттү. Аталган практика 2026-жылдын 6-апрелинен 25-апрелине чейинки аралыкта өткөрүлөт. Иш-чара 2-апрелде «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын улук окутуучусу М. Нурматова тарабынан уюштурулуп, төмөнкү маселелер каралды: - Студенттер практиканы өтөө боюнча тиешелүү буйрук менен таанышып, коопсуздук жана иштөө нускамаларына кол коюшту; - Практиканын максаттары, милдеттери жана «жол картасы» боюнча кеңири маалымат берилди; - Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Н. С. Жолдошалиева катышып, студенттерге изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча баалуу кеңештерин берди. Ал өзгөчө «Математиканы кыргыз тилинде сүйлөтөлү» аттуу маселеге токтолуп, бул багыттын тарыхы жана актуалдуулугу боюнча сунуштарын ортого салды; - Отчеттук документтерди даярдоо тартиби, күндөлүк толтуруу жана керектүү материалдарды чогултуу боюнча толук түшүндүрмөлөр берилди. Практика жетекчилери катышкан бул жыйында студенттер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Бул иш-чара болочоктогу мугалимдердин практиканы ийгиликтүү өтөөсүнө багыт берип, кесиптик жоопкерчилигин арттырууга шарт түзөт.