1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

16

КЕЛЕЧЕКТЕГИ МАТЕМАТИКА МУГАЛИМДЕРИНИН КЕСИПТИК КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫН КАЛЫПТАНДЫРУУГА БАГЫТТАЛГАН СИМУЛЯЦИЯЛЫК САБАКТАР УЛАНУУДА

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунда студенттерди жумуш ордунда окутуу жана алардын кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар системалуу түрдө улантылууда. «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасында «Математиканы окутуунун методикасы» дисциплинасынын алкагында уюштурулган симуляциялык сабактар өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүүдө. 2026-жылдын 1-апрелинде ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенттери катышкан кезектеги симуляциялык сабак өтүп, анда болочок мугалимдер өздөрүнүн педагогикалык чеберчиликтерин практика жүзүндө көрсөтүштү. Мадрахимова Таңсулуу сабагын уюшкандык менен баштап, окуучулар менен саламдашып, үй тапшырмасын текшерүү максатында 3 студентти доскага чакырды. Андан соң жаңы темага өтүүгө өбөлгө түзүп, көрсөткүчтүү функция түшүнүгүнө багыт берген суроолорду койду жана сабактын максатын так белгиледи. Кызыктыруу этабында турмуштук мисал катары социалдык тармактардагы видеого “лайк” басуу процессине байланыштуу маселе сунушталып, студенттердин активдүүлүгү арттырылды. Сабактын жүрүшүндө студенттер 4 топко бөлүнүп, кооперативдик окутуу ыкмасы колдонулду. Ар бир топтун мүчөлөрүнө ролдор так бөлүштүрүлүп, алардын милдеттери түшүндүрүлдү. Натыйжада ар бир студент өз функциясын аткарып, топ ичинде активдүү иш алып барды. Топ өкүлдөрү өз иштерин баяндап, жыйынтыктарын коргошту. Мугалим теманы түшүндүргөндөн кийин топтук иштерди дагы тереңдетүү үчүн кошумча тапшырмаларды сунуштады. Сабактын жүрүшүндө баалоо критерийлери алдын ала тааныштырылып, окуучуларга ачык-айкын багыт берилди. Акырында үй тапшырмасы берилди. Шамшиева Гулиза «Көрсөткүчтүү теңдемелер» темасында сабак өтүп, аны да максатка ылайык уюштура алды. Сабактын башында студенттер менен саламдашып, сабактын максатын белгиледи. Өткөн теманы кайталоо үчүн заманбап санариптик инструмент – Kahoot платформасын колдонуп, QR-код аркылуу тест уюштурду. Бул ыкма окуучулардын кызыгуусун арттырып, билимдерин тез жана натыйжалуу текшерүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Андан соң окуучулар белгилерди тандоо аркылуу 5 топко бөлүнүп, ар бир топко экиден суроо берилди. Топ мүчөлөрү жоопторун талкуулап, өкүлдөрү чыгып түшүндүрмө беришти. Жаңы тема түшүндүрүлүп, жөнөкөй көрсөткүчтүү теңдеменин аныктамасы жана аны чыгаруу боюнча негизги теоремалар менен тааныштырылды. Практикалык бөлүктө студенттерге топтордо иштөө үчүн 5 мүнөт убакыт берилип, алар маселелерди биргелешип чечүүгө аракет кылышты. Мындай симуляциялык сабактар болочок мугалимдердин сабак пландаштыруу, аудитория менен иштөө, санариптик технологияларды колдонуу жана педагогикалык рефлексия жүргүзүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Натыйжада студенттер заманбап билим берүү талаптарына жооп берген атаандаштыкка жөндөмдүү адис болуп калыптанууда.