1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

18

МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ПРАКТИКАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Үзгүлтүксүз билим берүү институтунда 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багыты (математика профили, Ммс-1-25 тайпасы) боюнча билим алып жаткан магистранттардын илимий-изилдөө практикасы аяктады. 2025-2026-окуу жылынын академиялык календарына ылайык, практика 2026-жылдын 23-февралынан 21-мартына чейин созулду. 20-март күнү практиканын жыйынтыктоочу онлайн-конференциясы Zoom аркылуу өткөрүлдү. Иш-чарага Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Н.С. Жолдошалиева, илимий жетекчилер жана кафедра окутуучулары катышты. Конференциянын негизги бөлүгүндө магистранттардын илимий-изилдөө практикасы учурунда аткарган иштерине ар тараптуу талдоо жүргүзүлүп, төмөнкү багыттар боюнча баа берилди: Ар бир магистрант өзүнүн диссертациялык изилдөөсүнүн темасы боюнча аткарылган иштердин жүрүшү тууралуу деталдуу маалымат берди. Магистранттар тандап алган темаларынын актуалдуулугун негиздеп, изилдөөнүн теориялык базасын практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштыра алышканын көрсөтө алышты. Практиканын алкагында магистранттар тарабынан иштелип чыккан анкеталар, жүргүзүлгөн сурамжылоолор жана тесттик тапшырмалардын жыйынтыктары баяндалды. Изилдөөдө алынган маалыматтарды математикалык-статистикалык иштеп чыгуунун сапатына жана гипотезалардын тастыкталышына өзгөчө көңүл бурулду. Магистранттар практика учурунда туш болгон илимий маселелерди чечүү жолдорун баяндап, изилдөө иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча өз алдынча чыгарган корутундуларын жана сунуштарын сунушташты. Иш-чаранын жыйынтыгында Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Н.С. Жолдошалиева магистранттардын отчеттук документтеринин даярдыгына жана мазмунуна өз баасын берди. Ал илимий изилдөөлөрдүн сапатын андан ары өркүндөтүү, алынган жыйынтыктарды практикада кеңири колдонуу жана магистрдик диссертацияларды коргоо баскычына ийгиликтүү даярдоо боюнча өзүнүн баалуу методикалык сунуштарын ортого салды.