1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

21

МАНАС ШААРЫНДАГЫ №18 «МАНАС-1000» ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИНДЕГИ АККРЕДИТАЦИЯЛЫК МОНИТОРИНГ ЖАНА БАЗАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК

«Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунун «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасы менен №18 «Манас-1000» мектебинин ортосунда Шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан түзүлгөн келишимдин негизинде тыгыз карым-катнаш орнотулган. Бул келишимге ылайык, аталган мектептин жетекчилиги менен кафедранын ортосундагы макулдашуу жүргүзүлүп базалык мектеп катары иш алынып барылууда, учурда 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын «Математика» профилинин студенттери практикаларын өтөп жатышат. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана мектеп жетекчилиги менен биргеликте иштелип чыккан иш-планга ылайык, бардык иш-чаралар системалуу түрдө жүргүзүлүүдө. Аткарылган иштердин далили катары буклеттер, жалпы мектептик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты, математика боюнча предметтик стандарт, окуу программасы жана учурда колдонулуп жаткан окуу китептеринин электрондук базасына багыттоочу QR-коддор даярдалган. 2026-жылдын 26-мартында «Сапаттуу билим» аккредитациялык агенттигинин программасынын алкагында агенттиктин эксперти, ф.-м.и.к., доцент Т.М. Папиева мектепке келип, түзүлгөн базалык шарттар менен таанышты. Эксперт мектеп жетекчилиги жана кафедранын профессордук-окутуучулук курамы менен болгон баарлашуунун жыйынтыгында оң пикирин билдирип, бул кызматташтыкты адистикти даярдоодогу күчтүү жактардын бири катары баалады. Базадагы кабинетти жасалгалоо, биргелешкен иш-пландарды иштеп чыгуу жана аларды иш жүзүнө ашыруу милдеттери ага окутуучу М.Н. Нурматовага жүктөлүп, ал тарабынан бардык иштер жогорку деңгээлде аткарылууда.