1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

19

ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ПРАКТИКАНЫН ЖУМУШЧУ ПРОГРАММАЛАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасында 550200 – физика-математикалык билим берүү багытынын математика профили боюнча окуу планынын практика блогунда каралган адаптациялык-педагогикалык, кесиптик-базалык жана кесиптик-профилдик практикалардын жумушчу программалары иш берүүчүлөрдүн катышуусунда талкууланды. Жолугушуунун алкагында кафедранын улук окутуучусу М. Нурматова жумушчу программалардын мазмуну жана түзүмү боюнча кеңири баяндама жасады. Анда практикалардын максат-милдеттери, студенттер аткара турган иштердин этаптык бөлүштүрүлүшү, студенттин, кафедралык методисттин жана мектептеги методисттин жол карталары, ошондой эле жумуш ордунда окутуу планы тууралуу маалыматтар берилди. Иш-чарага Манас шаарынын, ошондой эле Сузак жана Ноокен райондорунун мектеп директорлору – М. Токтосунов, А. Сатыкулов, З. Алибаев, Г. Арзиева, З. Төлөбаева, А. Жолоев ж.б. катышып, сунушталган программалар боюнча өз пикирлерин билдиришти. Талкуунун жүрүшүндө практиканын болочок мугалимдерди даярдоодогу орду өзгөчө экени, ал эми кесиптик чеберчиликти калыптандырууда анын мааниси чоң экени баса белгиленди. Жыйынтыгында сунушталган жумушчу программалар жактырылып, билим берүү менен өндүрүштүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө зарылдыгы белгиленди.