1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

20

БОЛОЧОК МАТЕМАТИКТЕР МЕКТЕПТЕГИ САБАКТЫН МОДЕЛИН СИМУЛЯЦИЯЛЫК ФОРМАТТА КӨРСӨТҮШТҮ

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунда студенттердин кесиптик чеберчилигин арттыруу багытындагы иштер жигердүү улантылууда. 2026-жылдын 11-мартында «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын улук окутуучусу, ф.-м.и.к. М.Н. Нурматованын жетекчилиги астында ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенттери үчүн кезектеги симуляциялык практикалык сабактар өткөрүлдү. Студенттер заманбап технологияларды колдонуу менен сабактарды пландоону жана өтүүнү иш жүзүндө көрсөтүштү. Бул формат студенттерге мектеп босогосун аттаганга чейин төмөнкү көндүмдөрдү калыптандырууга шарт түзөт: - Сабакты өз алдынча пландоо; - Аудиторияны башкаруу; - Педагогикалык рефлексия жүргүзүү. Студенттердин практикалык ишмердүүлүгү: 1. Касым кызы Нурайым («Квадраттык теңдемелер» темасы): Сабакты психологиялык жагымдуу маанай түзүү менен баштап, топтук иштөөнү уюштурду. Убакытты үнөмдөө максатында презентация жана атайын карточкаларды эффективдүү колдонду. 2. Нурлан кызы Эльнура («Квадраттык барабарсыздыктар» темасы): Окуучулардын мотивациясын арттыруу үчүн оюн технологияларын жана стимул берүүчү ыкмаларды пайдаланды. Сабактын этаптары көрсөтмөлүү куралдар менен коштолду. Сабактын соңунда студенттер өз ишмердүүлүгүнө терең анализ беришти. Өз ара баалоодо «2 жылдыз жана 1 каалоо» ыкмасы колдонулуп, стикерлер аркылуу конструктивдүү сунуштар айтылды. Бул процесс болочок мугалимдердин өз каталарын талдоого жана сезимдери менен бөлүшүүгө мүмкүндүк берди. Мындай практикалык иш-аракеттер студенттердин кесиптик өсүүсүнө мониторинг жүргүзүүгө жана алардын заманбап мектеп талаптарына жооп берген квалификациялуу адис катары калыптанышына шарт түзөт.