1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

17

СЫРТТАН ОКУУ БӨЛҮМҮНҮН СТУДЕНТТЕРИНЕ КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАГА БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ ОНЛАЙН КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 27-мартында «Б. Осмонов атындагы ЖАМУ» илимий-билим берүү-өндүрүштүк комплексинин Үзгүлтүксүз билим берүү институтунда 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын математика профилинин Мс-1-21 тайпасынын студенттери үчүн кесиптик-профилдик практиканы өтөө боюнча багыт берүүчү онлайн конференция уюштурулду. Иш-чара «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын улук окутуучусу М. Нурматова тарабынан Zoom платформасы аркылуу ийгиликтүү өткөрүлдү. Конференциянын алкагында студенттерге практиканын максат-милдеттери тааныштырылып, «жол картасы» жана күндөлүк менен иш алып баруу тартиби боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле отчёттуулук үчүн тапшырылуучу документтердин тизмеси жана аларды толтуруу талаптары айтылды. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер 9-семестрдеги практика учурунда (ушул практиканын логикалык башталышы катары) офлайн конференцияда талкууланган маселелерди жана көйгөйлөрдү эске салышып, өз ойлору менен бөлүшүштү. Конференция кызуу талкуу менен коштолуп, студенттер кызыктырган суроолоруна толук жооп ала алышты.