1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

21

СЫРТТАН ОКУУ БӨЛҮМҮНҮН СТУДЕНТТЕРИНИН АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

2025–2026-окуу жылынын академиялык календарына ылайык, “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун 550200 физика-математикалык билим берүү багытынын математика профилинин Мс-1-23 тайпасынын студенттери үчүн адаптациялык-педагогикалык практика ийгиликтүү аяктады. Студенттер 2026-жылдын 16-февралынан 7-мартына чейинки аралыкта мектеп чөйрөсүндө тажрыйба топтошту. 16-март күнү аталган практиканын жыйынтыгын чыгаруу максатында атайын конференция онлайн форматта өткөрүлдү. Иш-чараны практика боюнча жооптуу М. Н. Нурматова уюштуруп, ага Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Н. С. Жолдошалиева катышты. Конференциянын алкагында студенттер практика учурунда мектептерде кездешкен көйгөйлөрү жана жетишкендиктери тууралуу ой бөлүшүп, тажрыйбалары менен алмашышты. Башкы адис Н. С. Жолдошалиева студенттердин аткарган иштерине талдоо жүргүзүп, өзүнүн сын-пикирлерин жана келечектеги педагогикалык ишмердүүлүктү өркүндөтүү боюнча баалуу сунуштарын берди. Бул иш-чара студенттердин кесиптик жоопкерчилигин бекемдөөгө жана алган теориялык билимдерин практикада колдонуу көндүмдөрүн арттырууга багытталды.