1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 недели назад

28

ПРАКТИКАЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН АЛКАГЫНДАГЫ АЧЫК САБАКТАР ЖАНА МЕТОДИКАЛЫК АНАЛИЗ

2026-жылдын 18-мартында “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунда пландалган ачык сабактардын графигине ылайык, «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын улук окутуучусу, ф.-м.и.к. М. Н. Нурматова ачык сабак өттү. Иш-чара 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын (математика профили) 2-курсунун студенттеринин кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында, «Математиканы окутуунун методикасы» дисциплинасынын алкагында уюштурулду. Сабактын жүрүшүндө заманбап педагогикалык технологияларды колдонуунун алдыңкы тажрыйбалары практикалык симуляция иретинде көрсөтүлдү. 1-саат: “Теңдемелер системасы” (9-класс) Студент Гуламжанова Мохидил “Теңдемелер системасы” темасында 9-класстын окуучулары үчүн (студенттер окуучунун ролунда) сабак өттү. Сабак инновациялык 5E моделине (Engagement, Exploration, Explanation, Elaboration, Evaluation) негизделип, окуучулардын теманы терең өздөштүрүүсүнө багытталды. Жупташып иштөө формасы аркылуу студенттердин кызматташуу көндүмдөрү өнүктүрүлдү. Интерактивдүү Kahoot платформасы жана атайын даярдалган презентациялар үй тапшырмасын текшерүүдө жана теманы бышыктоодо натыйжалуу колдонулду. 2-саат: “Барабарсыздыктар системасы” (8-класс) Студент Арстанбекова Гүлсанам 8-класстын программасы боюнча “Барабарсыздыктар системасы” темасында сабак өттү. Окуучуларды сабакка активдүү тартуу максатында “Билимай” мобилдик тиркемеси колдонулуп, ыкчам кайтарым байланыш орнотулду. Математикалык маселелерди биргелешип чечүүдө жуптарда иштөө ыкмасы ийгиликтүү ишке ашырылды. Сабактар аяктагандан кийин кафедранын окутуучулары жана студенттер тарабынан деталдуу методикалык талдоо жүргүзүлдү: 1. Сабактын жүрүшүндө студентке атайын иштелип чыккан жумушчу барактар таратылды. Катышуучулар бул барактардын маалыматты кабыл алууга өтө ыңгайлуу экенин, окуучунун өз алдынча иштөөсүнө шарт түзөрүн жана эң башкысы – сабактын убактысын үнөмдөөгө чоң өбөлгө болорун өзгөчө белгилешти. 2. Окуучунун ролундагы студенттер «Эки жылдыз, бир каалоо» техникасы менен курсташтарынын жетишкендиктерин жана сунуштарын жазышты. Мугалимдин ролун аткарган студенттер өз ишмердүүлүгүнө рефлексивдүү анализ беришти. 3. Сабакка катышкан кафедранын окутуучулары студенттердин педагогикалык симуляция алкагындагы ишмердүүлүгүн жогору баалашты. Алардын санариптик сабаттуулугу, 5E моделин иш жүзүндө колдонуу билгичтиги жана методикалык аппаратты (жумушчу барактар, тиркемелер) сааттык планга шайкеш түзө алгандыгы белгиленди.