1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 недели назад

34

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 24-мартында “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунда 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын (математика профили) 4-курсунун студенттери үчүн кесиптик-профилдик практиканы жыйынтыктоочу конференция болуп өттү. 2025-2026-окуу жылынын академиялык календарына ылайык, ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенттери 2-февралдан 14-мартка чейин Манас, Базар-Коргон шаарларынын, Сузак районунун ар кайсы мектептеринде кесиптик-профилдик практикада болушту. Бүгункү өткөрүлгөн бул иш-чарада студенттер алган тажрыйбалары, жетишкендиктери жана практика учурундагы кызыктуу методикалык изилдөөлөрү боюнча баяндама жасашты. Иш-чараны математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын улук окутуучусу, ф.-м.и.к. М. Н. Нурматова уюштурду. Конференциянын программасына ылайык, студенттер төмөнкү багыттар боюнча маалымат беришти: Окуу-методикалык жана тарбиялык иштердин аткарылышы; Класстан тышкаркы иш-чараларды уюштуруу; Мектеп турмушундагы изилдөө иштери жана санариптик технологияларды колдонуу тажрыйбасы. Конференцияда Жалал-Абад шаарындагы жана Базар-Коргон районундагы бир катар мектептерде (№9 Р. Санатбаев, №21 Ж. Болотов, №19 И. Сатыбаев, №12 Капарбек, №18 Манас-1000 ж.б.) практика өтөгөн студенттер өз презентацияларын сунушташты. Атап айтканда, Абделасимова Айназик конференцияны алып барып, студенттердин өз ара тажрыйба алмашуусуна шарт түздү.  Практиканттар өз баяндамаларында мектептеги мугалимдик кесиптин жоопкерчилиги, окуучулар менен тил табышуунун өзгөчөлүктөрү жана заманбап билим берүү стандарттарын колдонуудагы кыйынчылыктар менен ийгиликтерине токтолушту. Конференциянын соңунда практика жетекчилери студенттердин ишмердүүлүгүнө баа берип, алдыдагы мамлекеттик аттестацияларга жана кесиптик ишмердүүлүккө ийгиликтерди каалашты. Студенттер тарабынан берилген суроолорго кеңири жооптор берилип, методикалык сунуштар айтылды.