1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 недели назад

32

ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ПРАКТИКАСЫ БОЮНЧА БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 19-мартында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунда 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын (математика профили) ФМББ(М)маг-1-24 тайпасынын магистранттары үчүн илимий-изилдөө практикасына багыт берүүчү конференция болуп өттү. Аталган практика үстүбүздөгү жылдын 23-мартынан 2-майына чейинки аралыкта өткөрүлөт. Иш-чараны практикаларды уюштурууга жооптуу, «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын улук окутуучусу М. Н. Нурматова уюштуруп, ийгиликтүү алып барды. Конференциянын жүрүшүндө практиканын максат-милдеттери, «жол картасынын» ишке ашырылышы жана күндөлүктү толтуруу тартиби боюнча кеңири маалымат берилди. Иш-чаранын алкагында бул практика илимий-изилдөөчүлүк иштин жыйынтыктоочу этабы экендиги жана ар бир магистрант өзүнүн илимий ишин толук жазып бүтүрүүсү керектиги баса белгиленди. Ошондой эле практиканын акыркы жумаларында графикке ылайык илимий иштер «Антиплагиат» тутумунан өткөрүлүп, тиешелүү багыттар боюнча рецензенттерден сын-пикирлер алына тургандыгы кабарланды. Мындан сырткары, магистрдик диссертацияларды алдын ала коргоодон өткөрүү пландаштырылып жаткандыгы жана бул иш-аракеттердин бардыгы «жол картасында» деталдуу чагылдырылгандыгы магистранттардын көңүлүнө сунушталды. Конференцияга катышкан илимий жетекчилер магистранттардын суроолоруна жооп берип, илимий-изилдөө ишин натыйжалуу алып баруу боюнча өздөрүнүн методикалык сунуштарын беришти. Жыйын конструктивдүү маанайда өтүп, магистранттарга алдыдагы жооптуу иштери үчүн так багыттар берилди.