1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 17-мартында “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунда 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын (математика профили) 3-курсунун студенттери үчүн кесиптик-базалык практиканын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттери 2026-жылдын 2-февралынан 7-мартына чейинки аралыкта бекитилген мектептерде кесиптик тажрыйбаларын арттырып келишти. Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика мезгилинде аткарган иштери, өздөштүргөн жаңы методдору жана «жол картасындагы» ар бир этаптын ишке ашырылышы боюнча кеңири презентацияларды жасашты. Практиканын жыйынтыгы катары студенттер «жол картасындагы» иш-аракеттердин аткарылышы, өткөрүлгөн сабактардын натыйжалуулугу жана педагогикалык тажрыйбалары боюнча кызыктуу презентацияларды жасашты. Конференцияга Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Н. С. Жолдошалиева катышты. Ал өз сөзүндө практиканын жүрүшүндөгү оң натыйжаларды белгилеп, ошону менен бирге келечекте эске алынуучу айрым кемчиликтерге жана презентацияларды даярдоодогу тактыкка токтолду. Кафедранын практика жетекчилери жана методикалык багыт берген окутуучулар студенттердин кесиптик компетенцияларынын калыптанышына баа берип, методикалык кеңештерин ортого салышты. Иш-чаранын уюштуруучусу, улук окутуучу М. Нурматова белгилегендей, бул практика студенттердин теориялык билимин практика менен айкалыштырууда маанилүү кадам болду. Конференция суроо-жооп жана талкуулар менен коштолуп, студенттердин иштери тиешелүү критерийлердин негизинде бааланды.