1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

«ЭКСТРЕМИЗМГЕ ЖАНА ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮДӨ ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮН РОЛУ» ТЕМАСЫНДА СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ

2026-жылдын 17-март күнү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин №46 тескемесинин негизинде, Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун иш планы боюнча, Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы тарабынан «Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүдө илимий изилдөөлөрдүн ролу» деген темада семинар уюштурулду. Семинарда ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттери актуалдуу баяндамаларды жасады:Абиджанова Шахзода – «Экстремисттик маалыматтарды аныктоодо ыктымалдуулук теориясын колдонуу»Абдурашит кызы Ажара – «Терроризм коркунучтарын баалоодо статистикалык анализдин ролу»Арсланбек кызы Хайтхон – «Терроризм коркунучтарын баалоодо математикалык моделдерди колдонуу».Семинарда катышуучулар экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүдө математикалык жана статистикалык ыкмаларды колдонуу боюнча практикалык көндүмдөр менен таанышышты. Баяндамалар учурдагы коопсуздук маселелерин чечүүдө илимий изилдөөлөрдүн маанисин, маалыматтарды талдоо ыкмаларын жана математикалык моделдөө аркылуу тобокелдиктерди баалоону көрсөттү. Семинардын максаты – студенттерди илимий изилдөө иштерине тартуу, актуалдуу коопсуздук маселелерин аналитикалык жана математикалык жактан талдоо көндүмдөрүн өнүктүрүү жана келечектеги илимий долбоорлорго даярдоо болду. Семинарда активдүү талкуулар жана практикалык мисалдар аркылуу студенттердин билим деңгээли жана компетенциясы жакшыртылды.