1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

57

ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨДӨ КОЛДОНУЛУУЧУ ЭЛЕКТРОНДУК МААЛЫМАТ БАЗАЛАРЫ ТЕМАСЫНДА АЧЫК САБАК ӨТҮЛДҮ

2026-жылдын 16-мартында "Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э.Уметов атындагы педагогикалык институттун “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын окутуучусу Эрматали уулу Баяман тарабынан ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттерине "Студенттердин илимий изилдөө иштери" дисциплинасынан “Илимий изилдөөдө колдонулуучу электрондук маалымат базалары” темасында ачык сабак өтүлдү. Ачык сабактын негизги максаты студенттерге илимий изилдөө иштеринде кеңири колдонулуучу электрондук маалымат базалары тууралуу түшүнүк берүү, алардын түрлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу, ошондой эле илимий маалыматтарды издөө жана туура пайдалануу көндүмдөрүн калыптандыруу болду.Сабактын жүрүшүндө студенттерге электрондук маалымат базаларынын мааниси, алардын илимий изилдөөлөрдөгү ролу жана артыкчылыктары кеңири түшүндүрүлдү. Google Scholar, Scopus, Web of Science, eLIBRARY жана ScienceDirect сыяктуу эл аралык илимий маалымат базалары жөнүндө маалымат берилип, алар аркылуу илимий макалаларды, диссертацияларды, монографияларды жана башка илимий булактарды издөө жолдору көрсөтүлдү.Мындан тышкары студенттерге илимий журналдардын сапатын баалоодо колдонулуучу негизги көрсөткүчтөр тууралуу маалымат берилди. Тактап айтканда, импакт-фактор, цитата анализи жана автордун илимий активдүүлүгүн баалоочу Хирша индекси жөнүндө түшүндүрүлүп, бул көрсөткүчтөрдүн илимий ишмердүүлүктөгү мааниси белгиленди.Сабак учурунда электрондук маалымат базаларынан маалымат издөө этаптары, ачкыч сөздөрдү туура тандоо, алынган маалыматтарды талдоо жана ишенимдүү илимий булактарды тандоо боюнча практикалык мисалдар көрсөтүлдү. Ошондой эле студенттерге илимий иштерди жазууда академиялык чынчылдык принциптерин сактоо, башка авторлордун эмгектерин туура цитаталоо жана плагиаттан алыс болуунун мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди.Сабакка студенттер активдүү катышып, өз ойлорун билдирип, берилген суроолорго жооп беришти. Сабактын жыйынтыгында чыгуу билети колдонулду жана студенттер электрондук маалымат базалары менен иштөө боюнча билимдерин кеңейтип, илимий маалыматтарды издөө жана талдоо боюнча практикалык түшүнүк алышты.