1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

46

КАФЕДРАНЫН МЕКТЕП МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУСУНУН АЛКАГЫНДА ЖРТГА ДАЯРДОО САБАГЫ УШТУРУЛДУ

2026-жылдын 12-мартында Манас шаарындагы №18 «Манас-1000» жалпы билим берүү орто мектебинде “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы тарабынан мектеп окуучуларына кесиптик багыт берүү жана билим деңгээлин жогорулатуу максатында жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө кафедранын улук окутуучусу Шарапов Сардорбек Тургунович 10–11-класстын окуучуларына Жалпы республикалык тестке даярдануу боюнча түшүндүрмө берип, практикалык тапшырмалардын үстүндө иш алып барды. Сабактын жүрүшүндө математиканын бир катар маанилүү темалары каралып, окуучулар менен төмөнкү маселелер талкууланды: • көптүктөр жана алардын үстүнөн аткарылуучу амалдар; • тилкеге берилген тесттик тапшырмалар жана аларды аткаруунун ыкмалары; • тесттик суроолорду чечүүдө көңүл буруучу негизги элементтер; • функция жана анын маанисин табууга байланышкан тапшырмалар. Окуучулар берилген тапшырмаларды аткаруу учурунда өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тесттик маселелерди чечүүнүн натыйжалуу жолдору боюнча түшүндүрмөлөрдү алышты. Мындай жолугушуулар окуучулардын математика боюнча билимдерин тереңдетүүгө жана жалпы республикалык тестке сапаттуу даярдануусуна көмөк көрсөтөт.