- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
МАТЕМАТИКТЕРДИН ТҮШТҮК РЕГИОНАЛДЫК СЕМИНАРЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Асимптотикалык, компьютердик, топологиялык методдор жана математиканы окутуунун технологиялары” лабораториясында 2024-жылдын 2-мартында профессор, окумуштуу, ардактуу академик Келдибай Алымкулов атындагы "Математиканын актуалдуу маселелери жана анын колдонулуштары" аттуу математиктердин түштүк регионалдык семинары болуп өттү.
Семинарга ЖАМУнун профессорлору К.Алыбаев, А.Джураевдер, ОшМУнун профессорлору Г.Матиева, А.Сопуев, Д.Турсунов, доценттер А.Абдувалиев, Т.Бекешовдор баштаган математиктер жана БатМУнун жаш математик окутуучулары катышты.
Семинарда профессор Курманбек Алыбаевдин жетекчилигиндеги ЖАМУнун математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын улук окутуучулары Майрамгул Нурматова “Автономдук сингулярдык козголгон тендемелердин чечимдеринин туруксуз тең салмактуу абалга жакын кармалышы”, Назгүл Мусакулова “Сызыктуу эмес түспөлдөгү сингулярдуу козголгон теңдемелердин чечимдерин регулярдык кубулуудагы ажырымы” деген темаларда баяндамаларын жасашты, кызуу талкуу болду.
К. Алымкулов атындагы регионалдык семинар 2008-жылы түзүлгөн. Бир айда бир жолу уюштурулуп келет. Семинар аспиранттардын, жаш окумуштуулардын жана докторанттардын алган илимий натыйжаларын талкуулоо жана сунуштама берүү максатын көздөйт.