1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

10 месяцев назад

111

БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫНА МАГИСТРАНТТАРДЫ УЗАТУУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ 

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин математика жана математикалык моделдештирүү  кафедрасында 21.02.24 күнү 1-курстун Ммаг-1-23 тайпасынын магистранттарын башкаруу практикасына узатууга арналган конференция өткөрүлдү.

1-курс магистранттар окуу планына ылайык, башкаруу практикасын 2жумалык мөөнөттө 4-марттан 16-мартка чейинки аралыкта өтөшөөрү айтылды.

Конференциянын жүрүшүндө магистранттарга башкаруу практикасын өтөө максаты, милдеттери, ишти алып баруу тартиби айтылды, практика өтөө уюмунда иш-аракеттерди пландоо жана жүргүзүү үчүн жободогу пункттарга ылайык, иш-аракеттер тааныштырылды жана ал боюнча кандайча иш алып баруу түшүндүрүлдү.

Практика өтөө уюмдарына ылайык, бул практиканын өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөрү ар бир магистранттын илимий ишинин кандайдыр бир максаттуу бөлүгү катары кызмат кылуу менен алардын кесиптик компетенттүүлүктөрүнүн калыптанышына шарт түзүлөөрү баса белгиленди.