1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКА УЧУРУНДА АЧЫК САБАКТАР ӨТҮЛДҮ

"Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун ФМББ багытынын математика профилинин күндүзгү бөлүмүндө билим алып жаткан студенттери үчүн 2026-жылдын 2-февралынан 14-мартына чейин кесиптик-профилдик практика жүрүүдө.Бул практика студенттердин жогорку окуу жайда алган теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдөөгө, педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүүгө жана болочок мугалим катары кесиптик көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган. Практиканын жүрүшүндө студенттер мектептерде сабак өтүп, окуучулар менен иш алып баруу тажрыйбасын топтошууда.2026-жылдын 12-мартында кесиптик-профилдик практиканын алкагында И. Сатыбаев атындагы №19 жалпы орто билим берүүчү мектебине бөлүнгөн ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенти Тагайбекова Асылай 6-“б” классына “Теңдемелерди чыгаруу” деген темада көргөзмөлүү ачык сабак өттү.Сабак учурунда практикант окутуунун заманбап педагогикалык технологияларын жана интерактивдүү ыкмаларды колдонуп, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыра алды. Суроо-жооп, топтук иш жана практикалык тапшырмалар аркылуу сабак жандуу жана мазмундуу өтүп, окуучулар теңдемелерди чыгаруунун негизги ыкмаларын өздөштүрүштү.Ачык сабакка мектептен практика жетекчиси Эркинбекова Гүлнур, мугалим Кулова Наргиза жана университеттен жетекчи катары окутуучу Эрматали уулу Баяман катышып, сабактын уюштурулушуна жана өтүлүшүнө анализдерин беришти.Мындай ачык сабактар студенттердин педагогикалык тажрыйбасын арттырып, келечекте кесипкөй мугалим болуп калыптанышына чоң өбөлгө түзөт.