1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКА МЕЗГИЛИНДЕ ПРАКТИКАНТ СТУДЕНТТЕРГЕ МЕТОДИКАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ЖАРДАМ БЕРИЛДИ

2026-жылдын 2-февралынан 14-мартына чейин "Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун ФМББ багытынын математика профилинин күндүзгү бөлүмүндө окуган студенттери үчүн кесиптик-профилдик практика  жүрүүдө. Манас шаарындагы И. Сатыбаев атындагы №19 жалпы билим берүүчү орто мектебинде  кесиптик-профилдик практиканы өтөп жаткан ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенти Тагайбекова Асылайга практика жетекчиси, Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окутуучусу Эрматали уулу Баяман тарабынан методикалык жана педагогикалык жактан көрсөтмөлөр берилди. Иштитин негизги максаты студенттин педагогикалык практикасын мазмундуу өткөрүүгө жана алардын кесиптик компетенцияларын калыптандырууга багытталды. Методикалык-педагогикалык көрсөтмө  берүүнүн алкагында практикант-студенттин сабактарына методикалык байкоо жүргүзүлүп, педагогикалык талдоо жасалды. Жол картадагы белгиленген жумуштардын аткарылышына жана отчетту даярдоого карата сунуштар берилди.