1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

46

САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛАР БИЛИМ АЙДЫҢЫНДА: «АКЫЛ ОРДО» ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 12-мартында Манас шаарындагы №18 «Манас-1000» жалпы билим берүү орто мектебинде «Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасы тарабынан мектеп окуучулары үчүн «Акыл ордо» интеллектуалдык оюну уюштурулду. Бул иш-чара университет менен базалык мектептин биргелешкен иш-планынын алкагында, мектеп окуучуларынын математикалык сабаттуулугун жана логикалык ой жүгүртүүсүн арттыруу максатында өткөрүлдү. Оюндун уюштуруу иштерине кафедра башчысы, улук окутуучу М. Бекназарова, ф.-м.и.к., улук окутуучу М. Нурматова жана учурда аталган мектепте кесиптик-профилдик практикасын өтөп жаткан А. Нажимидинова баштаган ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенттери (К. Асанбай кызы, Р. Шарапова, А. Абделасимова, А. Тамчиева) активдүү катышты. Интеллектуалдык оюндун өзгөчөлүктөрү: Санариптик форматта өттү: таймаш заманбап санариптик куралдардын жардамы менен өткөрүлүп, суроолорго жооп берүү жана упайларды эсептөө автоматтык түрдө, ачык-айкын жана так жүргүзүлдү. Оюнга мектептин 6-7-8-класстарынын окуучуларынан куралган «Чексиз акылдар», «Алтын бурч» жана «Сан генийлери» командалары катышып, өз билимдерин сынашты. Абдан кызыктуу жана курч мүнөздө өткөн оюндун жыйынтыгында, белгиленген эрежелерге ылайык эң жогорку упай топтогон «Алтын бурч» командасы жеңүүчү деп табылды. Санариптик технологияларды колдонуу менен өткөрүлгөн мындай интеллектуалдык таймаштар окуучулардын илимге болгон кызыгуусун арттырып, студенттер үчүн практикалык тажрыйба топтоого сонун аянтча болуп берди. Оюндун соңунда командаларга кафедра тарабынан даярдалган грамоталар жана эстелик белектер, ошондой эле ар бир катышуучуга чакан белектер салтанаттуу түрдө тапшырылды. Мындай сыйлыктар окуучулардын илимге болгон умтулуусун күчөтүп, келечектеги ийгиликтерине чоң шык берди. Иш-чаранын соңунда мектеп директоруна, анын орун басарына жана математика мугалимине кафедранын атынан ыраазычылык каттар тапшырылды.