1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

61

МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТУУ: 5Е МОДЕЛИ БОЮНЧА МАСТЕР-КЛАСС ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 12-мартында Манас шаарындагы №18 «Манас-1000» жалпы билим берүү орто мектебинде “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан мектеп мугалимдерине методикалык жардам көрсөтүү максатында мастер-класс болуп өттү. Иш-чара кафедранын базалык мектеби менен биргеликте түзүлгөн иш-планга ылайык уюштурулуп, аны кафедранын улук окутуучусу, ф.-м.и.к. М.Н. Нурматова алып барды. Мастер-класстын негизги темасы «5Е модели боюнча сабакты пландаштыруу жана анын окутуудагы натыйжалуулугу» болду. Мастер-класстын жүрүшүндө төмөнкү багыттар боюнча тереңдетилген түшүндүрмөлөр берилди: 5Е моделинин педагогикалык негиздери жана заманбап билим берүүдөгү ролу; Моделдин беш этабы (Engage, Explore, Explain, Elaborate, Evaluate) жана алардын максаттуу ишке ашырылышы; Сабакты пландаштырууда «Тереңдетүү» жана «Баалоо» этаптарынын практикалык колдонулушу. Иш-чаранын башталышында катышуучулардын 5Е модели боюнча баштапкы деңгээлин аныктоо максатында Plickers санариптик инструменти аркылуу интерактивдүү пре-тест жүргүзүлдү. Бул ыкма мугалимдерге заманбап баалоо технологияларын иш жүзүндө көрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Практикалык бөлүмдө мугалимдер багыттары боюнча топторго бөлүнүшүп, салттуу сабак менен 5Е моделинин түзүмүн салыштыруу боюнча тапшырмаларды аткарышты. Катышуучулар моделдин адаптивдүүлүгүн жана окуучунун изилдөөчүлүк жөндөмүн арттыруудагы артыкчылыктарын талкуулашты. Мастер-класстын жыйынтыгында «Чыгуу билети» (Exit Ticket) стратегиясы колдонулуп, мугалимдер кийинки кадамдарда кайсы көндүмдөрдү тереңдетүүнү каалашарын белгилешти. Мындай методикалык колдоо мектеп менен университеттин ортосундагы интеграцияны чыңдап, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Бул мастер-класс мугалимдерди 5Е модели менен тааныштыруучу алгачкы этап болуп саналат. Иш-чаранын логикалык уландысы катары, кийинки этапта мугалимдер алган теориялык билимдерин практикада колдонуу максатында, 5Е моделине негизделген сабактарды өз алдынча пландаштыруу боюнча практикалык тапшырмаларды алышты.