1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ – САПАТТУУ БИЛИМДИН ЖАНА ИЙГИЛИКТҮҮ КЕЛЕЧЕКТИН КЕПИЛИ

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы мектеп бүтүрүүчүлөрүн туура кесип тандоого багыттоо жана ЖОЖ менен мектептин байланышын чыңдоо иштерин жигердүү улантууда. 2026-жылдын 12-мартында «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы Манас шаарындагы №18 «Манас-1000» жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту. Бул иш-чара кафедранын базалык мектебинде өткөрүлгөн мотивациялык семинардын логикалык уландысы болуп, окуучулардын кесип тандоосуна багыт берүү максатын көздөдү. Жолугушууга кафедра башчысы, улук окутуучу М. Бекназарова, п.и.к., доцент А. Ураимхалилова, улук окутуучу М.Ш. Маткаримова жана ф.-м.и.к., улук окутуучу М.Н.Нурматова катышышты. Иш-чаранын алкагында төмөнкү багыттар боюнча иш алып барылды: 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын өзгөчөлүктөрү, заманбап билим берүүдөгү ролу жана бүтүрүүчүлөр үчүн ачылган кеңири мүмкүнчүлүктөр тууралуу толук маалымат берилди. Кафедранын сайты бүтүрүүчүлөрү жетишкен албан ийгиликтер, Президенттик стипендия ээлери жана эл аралык тажрыйбалар тууралуу айтылып, маалыматтык буклеттер таратылды. Окуучуларга университеттин жана кафедранын расмий сайттары, социалдык тармактардагы баракчалары тааныштырылып, кызыктырган суроолорго жооп берилди. Мотивациялык семинардан кийин өткөрүлгөн бул жолугушуу окуучулардын ЖАМУга жана математика адистигине болгон кызыгуусун дагы да арттырды. Студенттердин жеке ийгиликтери менен таанышкан соң, университеттин тажрыйбалуу окутуучулар курамы тарабынан берилген терең маалыматтар бүтүрүүчүлөрдүн туура кесип тандоосуна жана келечектеги билим жолуна болгон ишенимин бекемдеди деген ишеничтебиз.